Киев менен Евробиримдиктин мамилеси кыйла сууганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Киев менен Евробиримдиктин ортосундагы алака аябай сууп кетти. Бул Украинада атайын аскердик операция башталгандан берки эң төмөнкү көрсөткүч экенин Politico өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды.
"Киев менен Брюсселдин мамилеси суук селки тартып баратат. Мынчалыкка жете элек болчубуз", — деген маалымат берген украиналык аткаминер.
Гезиттин айтымында, эки тараптуу мамилени Киев режиминин башчысы өзү да татаалдаштырып жатат.
"Зеленский европалык лидерлерге акыркы убакта акыл үйрөтө баштады. Быйыл мурдагыдан орой, текебер болуп калганы байкалат", — деп айтылат макалада.
Киев жетекчилигине буга чейин кеп-кеңешин берип келген тышкы саясат боюнча эксперт Зеленский "Европа Украинага милдеттүү" экенине бекем ишенип алганын белгилеген.
"Мындай пикир анын ой жүгүртүүсүнө, сөзүнө таасир этип жатат. Аны европалыктардын баары эле колдой бербеси эске алынган жок", — деди ал.
Гезит Зеленский азыркыдай жүрүм-туруму менен Украинаны каржылап келген өнөктөштөрүнөн, курал-жарактан жана дипломатиялык колдоодон ажырап калышы мүмкүн экенин четке каккан эмес.
Комментарий берген эксперт Киев режиминин жетекчиси Трамптын администрациясы менен да байланышын үзүп коюшу ыктымал экенин боолгологон. Анын айтымында, АКШ менен ЕБдин ортосундагы ажырым Зеленскийдин үнүн катуураак чыгарышына себепчи болгон.
Буга катар макалада Киевге жардам бөлүп берген Евробиримдиктин жеңиши да көпкө узабай турганы айтылат. ЕБ лидерлери Украинаны уюмга кабыл алуу башында турган ар кыл маселеде бир пикирге келе албай убара тартып келишет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Фицо Москвага Зеленскийдин дубай саламын ала келери айтылды