БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Михаил Сухинин менен Николай Мироненкого барып, майрамы менен куттуктады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр ардагерлерге президенттин атынан куттуктоо жолдоп, азык-түлүк себеттерин тапшырган.
"Бүгүн сиздерди ушул улуу майрам менен куттуктаганыбыз — биз үчүн чоң сыймык. Жеңишиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз, сиздер менен сыймыктанабыз", — деген Жунушалиев.
Ардагерлер көрсөтүлгөн камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти.
"Тынчтык жана жеңиш оңой келген эмес. Ардагерлерди сыйлап, аларга кам көргөнүңүздөр үчүн рахмат. Бул биздин эсибизде түбөлүккө калат", — деди Сухинин.
Маалыматка ылайык, Михаил Сухинин 1944-жылы армияга чакырылып, запастагы аткычтар полкунда кызмат кылган. Демобилизациядан кийин В.И. Ленин атындагы заводдо иштеп, Политехникалык институтту бүтүргөн. Ал Германияны жеңгендиги үчүн жана бир катар юбилейлик медалдар менен сыйланган.
Ал эми Николай Мироненко 1944-жылы армияга чакырылып, 1951-жылга чейин кызмат өтөгөн. Кийин Айыл чарба институтун аяктап, автомобиль өнөр жайында эмгектенген.