Мекенибизде кечки саат 5. Бул саатка алынган жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар. Алгач аларга кыскача токтололу...Путин Совет элинин эрдиги дүйнөнү нацизмден сактап калганын билдирдиБишкекте согушта колдонулган курал-жарактын көргөзмөсү өтүүдөАт-Башыда облустагы жалгыз ардагердин катышуусунда Жеңиш күнү белгиленди. Алдыда кененирээк... Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.Митинг-реквиемдин жүрүшүндө согушта курман болгон жоокерлердин элеси эскерилип, эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.Иш-чаранын алкагында президент Садыр Жапаровдун атынан Нарын облусундагы жалгыз согуш ардагери Сатынды Жапаровго терең ыраазычылык билдирилип, 200 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардам тапшырылды.Майрамдык иш-чарага облус жетекчилиги, райондук бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.Сатынды Жапаров учурда Ат-Башы районунда жашаган Нарын облусундагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Ал 1926-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Ленинград багытындагы аскердик операцияларга катышкан. Согуштан кийин узак жылдар бою райондун сүт кабыл алуу тармагында эмгектенген.Учурда Нарын облусунда бир согуштун жана жети ооруктун ардагери жашайт.
Бишкекте согушта колдонулган курал-жарактын көргөзмөсү өтүүдөКоргоо министрлиги жана "Евразия" уюму Бишкекте курал-жарак көргөзмөсүн уюштурду. Иш-чара "Евразия" паркында саат 22:00гө чейин уланып, анда Баатырлар аллеясы 76 бюст-инсталляция менен ачылып, ачык асман алдында курал-жарак музейи жана талаа ашканасы көрсөтүлөт. Конокторго Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында колдонулган куралдардын түрлөрү көрсөтүлүүдө. Тактап айтканда, 152 мм калибрдеги замбирек, миномёттор, пулемёттор жана башка куралдар коюлган. Күн бою эскерүү иш-чаралары жарманке жана оюн-зоок программалары менен коштолот. Башкы сахнада концерт уюштурулат. Уюмдун жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү согуш ардагерлерин куттуктап, алардын эрдиги жана Жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, белек-бечкек тапшырышты. Куттуктоо учурунда Коргоо министрлигинин аскердик оркестри согуштук ырларды аткарды. Ошондой эле Улуттук гвардиянын Ардак кароолу салтанаттуу марш менен жүрдү.
Путин: совет элинин эрдиги дүйнөнү нацизмден сактап калган Совет элинин эрдиги дүйнөнү нацизмден сактап калган. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянттагы майрамдык парадда айтты. РФ лидери Жеңиш күнүн өлкөнүн эң ыйык, эң маанилүү майрамы деп атап, совет жоокерлеринин эрдиги эч качан унутулбай турганын белгиледи. Путиндин айтымында, нацисттик Германия Советтер Союзун басып алып, анын байлыгын ээлөөнү, маданиятын жана тарыхый мурасын жок кылууну, көп улуттуу совет элин кулга айлантып, геноцид жүргүзүүнү көздөгөн. "Нацисттик стратегдер баарын эсептеген, бирок совет элинин руханий күчүн эске алган эмес", — деди Путин. Ал совет эли душманга каршы бир муштумдай биригип, фронт менен тыл бир бүтүн болуп күрөшкөнүн айтты. Президент жоокерлердин, партизандардын, тылдагы эмгекчилердин жана окумуштуулардын салымын өзгөчө белгиледи. Путин Улуу Жеңиш оор жоготуулар жана чоң курмандыктар менен келгенин айтып, согушта каза болгондордун элесине таазим кылды. Ошондой эле ал Россияда тарыхты сактоо жана жеңүүчүлөрдүн мурасын урматтоо ар-намыстын иши бойдон каларын белгиледи.