БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Москвага Владимир Зеленскийдин кайрылуусун ала барышы мүмкүн экенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен Pravda гезити жазды.
"Словакия ТИМинин мамлекеттик катчысы Растислав Хованец премьер-министр Украина президентинин кайрылуусун Россия жетекчилигине жеткирерин билдирди", — деп жазылат макалада.
Дипломаттын айтымында, Фицо да Россия президенти Владимир Путинден жаңжалды токтотуу боюнча Москванын көз карашы тууралуу маалымат алышы ыктымал.
Словакия өкмөт башчысы Москвага Жеңиш күнүн белгилөө үчүн барат.
Эскерте кетсек, кечээ Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков сүйлөшүүгө катышып жаткан Киевдин өкүлдөрү абалды жөнгө салуунун шарт-талабын жакшы билерин, деген менен бардык нерсе Украина жетекчилигинин саясий эркинен көз каранды экенин билдирген.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Донбасстан Украина Куралдуу күчтөрүнүн чыгарылышы абалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө өбөлгө болорун белгилеген. Анын айтымында, киев режиминин жетекчиси жоопкерчиликти алып, тийиштүү кадамдарга барары менен тынчтык орномок.