Борбор Азия өлкөлөрү сугатка суу берүү графигин макулдашты

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү жайында сугат үчүн суу берүү графигин макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Ташкентте өлкөлөрдүн суу менен энергетиканы тескеген министрлери чогулуп, Токтогул суу сактагычынан сууну кое берүүнүн көлөмүн жана режимин такташкан.
Маалыматка караганда, Ташкентте өлкөлөрдүн суу менен энергетиканы тескеген министрлери чогулуп, Токтогул суу сактагычынан сууну кое берүүнүн көлөмүн жана режимин такташкан.
"2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын апрелине чейин Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 1 миллиард 560 миллион кВт/сааттан ашык электр энергиясын берген. Мунун эсебинен Токтогул суу сактагычындагы ресурстарды азыркы айыл чарба сезону үчүн сактап калууга мүмкүн болду. Бул Казакстан менен Өзбекстандын фермерлерине сугат иштеринин алгачкы этабын үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлер эми июндун ортосунда Бишкекке чогулушат. Анда июль, август жана сентябрь айларына карата суу кое берүүнүн көлөмү менен графиги акыркы жолу такталып, бекитилет.
Жапаров БА өлкөлөрүн Кыргызстандын суу чарба секторун биргеликте каржылоого чакырды