Самбо Кыргызстанда акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп, спортчулардын эл аралык мелдештердеги ийгиликтери менен өзгөчөлөнүп келет. Өлкө намысын коргогон балбандар дүйнөлүк жана континенталдык ареналарда байгелүү орундарды камсыздап, самбонун аброюн көтөрүүдө. Ошол эле учурда өспүрүмдөр арасында бул спортко кызыгууну арттыруу, машыгуу шарттарын жакшыртуу жана жаңы муунду даярдоо маселеси дагы актуалдуу бойдон калууда. Бул багыттагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу Кыргызстандын самбо федерациясынын вице-президенти Муратбек Арыстанбеков менен маектештик.