Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Борбор Азия өлкөлөрү жайында сугат үчүн суу берүү графигин макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.Маалыматка караганда, Ташкентте өлкөлөрдүн суу менен энергетиканы тескеген министрлери чогулуп, Токтогул суу сактагычынан сууну кое берүүнүн көлөмүн жана режимин такташкан. "2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын апрелине чейин Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 1 миллиард 560 миллион кВт/сааттан ашык электр энергиясын берген. Мунун эсебинен Токтогул суу сактагычындагы ресурстарды азыркы айыл чарба сезону үчүн сактап калууга мүмкүн болду. Бул Казакстан менен Өзбекстандын фермерлерине сугат иштеринин алгачкы этабын үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, министрлер эми июндун ортосунда Бишкекке чогулушат. Анда июль, август жана сентябрь айларына карата суу кое берүүнүн көлөмү менен графиги акыркы жолу такталып, бекитилет.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош менен Жалал-Абад облустарынын селден жабыркаган аймактарын кыдырды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Министр Сузак, Аксы, Өзгөн райондору менен Таш-Көмүр жана Манас шаарларында болду. Кырсыктын кесепетин көрүп, жергиликтүү тургундар менен бир катар маселелерди талкуулаган. Натыйжада тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди: кооптуу тилкелерде алдын алуу иштерин күчөтүү; жээктерди бекемдөө; жашоочулар менен инфраструктураны коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү.
Кара-Балта шаарында жайгашкан "Жунда" заводу учурда заман талабына ылайык жаңыланып, модернизацияланып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков айтып, соцтармактагы билдирүүлөргө жооп берди. Желеге аталган заводдогу кытайлык жумушчулар тууралуу видео тараган. Анда автор бул жерде "кытай кыштактары" пайда болгонун айткан. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мындай кептер чындыкка дал келбей турганын билдирди. "Завод учурда заман талабына ылайык жаңыланып, евростандарттагы бензин чыгара турган деңгээлге жетүү үчүн модернизацияланып жатат. Бул иштерге кытайлык адистер жана профессионал жумушчулар тартылган. Заводдун аймагына жакын жердеги бош каралбай жаткан ангарды убактылуу жашоого ылайыкташтырып, жумушчулар жайгаштырылган. Талаага же мал сарайга жашабайт да?!" — деп жазган ал баракчасына. Орунбеков Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визалык режим бар экенин эске салган. Кытайдан келген адистер өлкөгө мыйзамдуу келип, келишимдин негизинде иштеп, жумуш аяктагандан кийин кайра кете турганын белгилеген. Ал эми "Кытай өлкөнү басып алды" деген билдирүүлөр чагымчылыкка жатарын эскертти.
Киев Жеңиш күнүнө карата жарыяланган ок атышууну токтотуу демилгесин кескин кабыл алды. Ал эми Владимир Зеленский Ереванда жүргөндө, 9-майда Москвада өтө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу террордук мүнөздөгү коркутууларды айткан. Бул тууралуу РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Дипломаттын айтымында, Владимир Зеленский Ереванда бул демилгенин маанисин төмөндөтүүгө аракет кылып, кийин Кызыл аянттагы парадга дрондор менен сокку урулушу мүмкүн экенин кыйыткан. Мария Захарова Зеленский Ереванда сүйлөп жатып нацисттик жана террордук мүнөздөгү коркутууларды айтканын белгиледи.