Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгы боюнча айтылгандарга комментарий берди Өлкө башчысы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жаңы корпусунун ачылышында сүйлөп жатып, Иш башкармалык эч качан көзөмөлдөн чыкпаганын билдирди. “Жогорку Кеңеш бар, министрлер кабинети бар, күч органдары бар. Бирөөсү айтпаса, экинчиси сөзсүз иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу айтат. Баары бир гана ага көз каранды болуп калышы мүмкүн эмес”, — деди президент. Ал Санариптик өнүктүрүү министрлиги Иш башкармалыктын курамына өткөнүнүн себебин айтып, мекеме өз алдынча болгонуна дээрлик беш жыл болсо да ишинин натыйжасы болбой жатканын белгилеген. “Министрлик алдына коюлган милдеттерди аткара албай жаткандыктан, анын айрым мекемелери Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Андан кийин кыска убакыттын ичинде иш чындап алдыга жылды. Натыйжада министрлик жоюлуп, анын айрым функциялары Иш башкармалыгына өткөрүлдү”, — деген мамлекет башчысы.
Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин аяктады. 8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтуруу жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат. Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта берип баштайт. Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичи райондорго жана системанын башка бөлүктөрүнө акырындык менен берилет. Айрым аймактарда, айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан жерлерде, ысык суу менен камсыздоону калыбына келтирүү кошумча убакытты талап кылышы мүмкүн. "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы тургундарга жылуулук тармагынан ысык суу менен камсыздоо калыбына келтирилгенде, крандарын текшерип, жабууларын суранат.Ошондой эле ишканадан ысык суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, алар суу жылыткычтарын коомдук көтөргүчтөрдөн бөлүп турган жапкыч клапандарды жабып, өчүрүүнү белгилешет.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Москвага Владимир Зеленскийдин кайрылуусун ала барышы мүмкүн экенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен Pravda гезити жазды. "Словакия ТИМинин мамлекеттик катчысы Растислав Хованец премьер-министр Украина президентинин кайрылуусун Россия жетекчилигине жеткирерин билдирди", — деп жазылат макалада. Дипломаттын айтымында, Фицо да Россия президенти Владимир Путинден жаңжалды токтотуу боюнча Москванын көз карашы тууралуу маалымат алышы ыктымал. Словакия өкмөт башчысы Москвага Жеңиш күнүн белгилөө үчүн барат.Эскерте кетсек, кечээ Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков сүйлөшүүгө катышып жаткан Киевдин өкүлдөрү абалды жөнгө салуунун шарт-талабын жакшы билерин, деген менен бардык нерсе Украина жетекчилигинин саясий эркинен көз каранды экенин билдирген. Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Донбасстан Украина Куралдуу күчтөрүнүн чыгарылышы абалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө өбөлгө болорун белгилеген. Анын айтымында, киев режиминин жетекчиси жоопкерчиликти алып, тийиштүү кадамдарга барары менен тынчтык орномок.