БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кечээ, 6-майда, Бишкек жана Ош шаарында “Эстутум оту” акциясы өттү. Анын жалынын Кыргызстанга синхрондук сүзүү боюнча дүйнөнүн жана Олимпиада оюндарынын үч жолку чемпиону Мария Киселёва алып келген.
Ал өз сөзүндө жеңишти алып келген баатырлардын элеси элдин кан-жанында жашай турганын белгилеп, тарыхты унутуу — келечекти туңгуюкка кептээрин айткан.
“Албетте, Улуу Ата Мекендик согуш жана андагы Жеңиш — бул биримдиктин, баатырдыктын, кайраттуулуктун, бардык улуттардын жеңиш үчүн биригүүсүнүн өзгөчө мисалы. Мындай маанилүү жана зарыл окуя туңгуюкта жол көрсөткөн шам чырак сыяктуу болушу керек. Кыргызстанда да буга дал ушундай мамиле жасалып жатканына абдан кубанычтамын. Бул — тарыхый эс тутум, Жеңишти алып келген баатырларга көрсөтүлгөн урмат-сый”, — деген чемпион айым.
Киселёва “Эстутум оту” акциясы Кыргызстанда бешинчи жолу өтүп жатканы жана 10 жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жатканы анын канчалык маанилүү жана зарыл экенинин далилдей турганын кошумчалаган.