Прага операциясы: Кызыл Армиянын Улуу Ата Мекендик согуштагы акыркы чабуулу

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 1945-жылдын 6-майында советтик аскерлердин Прага чабуул операциясы башталган. Ал Жеңиш күнү аяктаган.
Берлинди штурмалоо дээрлик аяктап калганда, Праганын аймагында генерал-фельдмаршал Шёрнер жетектеген бир миллиондук “Борбор” армиялар тобу дагы эле жайгашып турган.
Бул генерал айыгышкан каршылык көрсөтүү аркылуу англиялык-америкалык союздаштарга өзүнүн дагы деле пайдалуу экенин көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок көп өтпөй аскерлерди көзөмөлдөй албай калып, жарандык кийимчен тоого качып кеткен.
“Чехтер бизди абдан сонун тосуп алышты. Балдар танктарга чуркап келип, чака-чака муздак суу берип жатышты. Танкисттерге кучак-кучак сирень гүлдөрүн таратышты. Эл жаш-кары дебей кубанычтан кыйкырып, бири-бирин кучактап өөп жатышты”, - деп советтик танкист Василий Москаленко айтып берген.
Прага 9-майда бошотулган, бирок советтик жоокерлер ал жердеги акыркы нацисттерди 11-майдын таңына чейин толук жок кылышкан. Бул Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы Кызыл Армиянын акыркы чабуул операциясы болгон.
Жеңишке саналуу күн жетпей калган өмүр. Берлинге кирген окуянын баяны