БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Владимир Зеленскийдин 9-майда Москвада өтүүчү Жеңиш парадына сокку уруу тууралуу опузасы Киевдин кулашы жана Украинанын багынып бериши менен аякташы мүмкүн. Мындай пикирин кипрлик журналист Алекс Христофору өзүнүн YouTube-каналында билдиргенин РИА Новости жазды.
“Москванын жоо кылган соккусунан кийин Киевден айрылып, Украинанын тезирээк багынып беришин каалап жатасыңбы?" — деп журналист Киев бийлигинин башчысына суроо салган.
Эксперттин айтымында, Зеленскийдин мындай билдирүүлөрү аны европалык өнөктөштүрүнүн алдында кыйын же кубаттуу кылып көрсөтүп жибербестигин жеткире түшүнбөй жатат.
“Пилотсуз учактары 9-майда Москваны учпаш үчүн аны дипломатияга жетелешибиз керек”, — деп сөзүн жыйынтыктаган Христофору.
Эске салсак, РФтин Коргоо мининстрилиги Москва совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин урматына 8-9-майга Украина менен убактылуу элдеше турганын жарыялаган. Ведомство Россия майрам маалындагы коопсуздукту сактоо үчүн бардык керектүү чараларды тыкыр көрөрүн билдирген. Эгерде Киев чабуул кое турган болсо, аны аябастыгын белгилеген.