БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президенттин тапшырмасынын негизинде баш калаанын башчысы Айбек Жунушалиев эл менен боло турган жолугушуулардын графигин бекитти.
Тагыраагы, эми ал 11-майдан тартып күн сайын 16:00дө төмөнкү жерлерде болот:
11-май — КРСУ (Киев көчөсү, 44);
12-май — Ч.Айтматов атындагы лицей (Широкая көчөсү, 1а);
13-май — М.Рыскулбеков атындагы КЭУ (Тоголок Молдо көчөсү, 58);
14-май — "Сейтек" балдар борбору (Абдумомунов көчөсү, 197);
15-май — К.Карасаев атындагы БМУ (Ч.Айтматов проспекти, 24);
16-май — Ж.Баласагын атындагы КУУ (Фрунзе көчөсү, 547);
18-май — "Таберик" залы (Байтик баатыр көчөсү, 17);
19-май — "Ала-Тоо" университети (Анкара көчөсү, 1/8).
Буга чейин Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эл менен жолугуп, алардын көйгөйүн жеринде чечүүнү тапшырып, бул багытта ишти аксаткандар өз жазасын аларын эскерткен. Ал эми элди бул жолугушууларга активдүү катышууга чакырган.