Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек

Sputnik
Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык ыдыкка дуушар болгон. Эмгек министрлиги Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап, ага ылайык, ыдык көрсөткөндөр кызматкерге келтирилген моралдык зыянды жана материалдык чыгымды төлөп бериши керек. Бирок маселе – көпчүлүк адамдар өз укуктары бузулуп жатканын ачык айтуудан коркуп, унчукпай чыдап келишет. Харассмент жумуш ордунда да, коомдук транспортто да кездешип, адамдардын коопсуздугуна, психологиялык абалына олуттуу таасир этет.
Көпчүлүк учурда жабырлануучулардын коркуп же уялып, бул тууралуу унчукпай коюушу көйгөйдү чечпестен, тескерисинче, анын улануусуна шарт түзөт. Харассментке каршы күрөшүү үчүн ар бир адам өз укуктарын билип, өзүн коргой алганы маанилүү.
Бул багытта коомдун маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле адистердин кеңештери өзгөчө роль ойнойт. “Көз мончок” уктуруусунда дал ушул маселеге кененирээк кайрылдык.