Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Жеңиш күнүнүн урматына ок атылбай турганын жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Россия совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин урматына 8-9-майга Украина менен убактылуу элдеше турганын жарыялады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Ведомство Киев да бул кадамды колдойт деп ишеним артууда. Деген менен Владимир Зеленскийдин дал ушул 9-Май күнү Москвага сокку уруу тууралуу сөзү да көз жаздымда калган жок.
Министрлик Россия майрам маалындагы коопсуздукту сактоо үчүн бардык керектүү чараларды көрөрүн, болбосо Киевге катуу чабуул жасаларын белгилеген.
“Киевдин жай жарандарына жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине өз учурунда шаардан чыгып кетүүсү зарылдыгын эскертебиз”, — деп айтылган маалыматта.
РФ ТИМи: Одессанын Профсоюздар үйүндөгү трагедия Хатындагы апааттан кем калбайт