БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кумтөр кенинин кызматкерлери кар көчкү алдында калган беш италиялык туристти куткарып калышканын компания билдирди.
Маалыматта гиддер кырсык тууралуу Кумтөр кенинин коопсуздук кызматынын диспетчердик бөлүмүнө кабарлашканы айтылат. Туристтер кенден 23 чакырым алыстыкта калган.
"Кендин кызматкерлери медициналык бригада менен дароо жардамга жөнөп кетишкен. Дрон менен кароодо алгач төрт турист табылган. Бешинчисин издөө иши уланып, саат 16:24тө анын да жүргөн жери аныкталган. Мойнунан жаракат алган туристке медициналык жардам көрсөтүлүп, баары ӨКМге өткөрүлдү", — деп айтылат кабарда.