БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин 30дан ашык депутаты сталкинг үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Сталкинг – адам менен эркине каршы байланыш түзүүгө, артынан аңдып, жүдөтүп, кодулап, адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузган мыйзамсыз куугунтуктоо.
"Азыркы мыйзамдарда айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчилик бар. Аларга ала качуу, никеге мажбурлоо, үй-бүлөлүк зомбулук жана жеке жашоого кийлигишүү кирет. Бирок бул ченемдер сталкингди толук камтыбайт. Анткени сталкингдин негизги өзгөчөлүгү — адамды кайра-кайра жана узакка куугунтуктап, жүдөтүү", – деп документте айтылат.
Депутаттар мыйзамга "сталкинг" түшүнүгүн киргизип, укук коргоо органдарына мындай учурларга ыкчам чара көрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштоодо. Демилгечилердин пикиринде, мындай аракеттер үчүн 1 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу же 50 миң сомго чейин айып салуу каралышы керек.