Трамп Иран менен согушту токтотуу ниетин айтты. Тегерандан кадам жасалчудай

Ал арада Ирандын да каршылашына чатакты жөнгө салуу боюнча кезектеги сунушун жибергени кабарланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы согуштук аракеттердин аяктаганы тууралуу Конгресске билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"2026-жылдын 7-апрелинде ок атууну эки жумага токтотуу тууралуу буйрук бергем. Ошондон бери аталган режим узартылып келет. 2026-жылдын 7-апрелинен тарта Америка Кошмо Штаттарынын жана Ирандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда бир дагы атышуу катталган жок", — айтылган жиберген катында.
АКШнын 1973-жылдагы Согуштук ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзамына ылайык, президент Куралдуу күчтөрдү чет өлкөлөрдө уруксаты жок 60 күнгө чейин колдоно алат. Трамп өзү мурдагы президенттердин тажрыйбасына таянуу менен бул ченемди Баш мыйзамга каршы келет деп атаган.
Кечээ Ак үйдүн башчысы тараптар телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирди. Ал Тегерандын өзөктүк келишим боюнча акыркы сунушуна нааразы болгону менен кантсе да аскердик аракеттердин кайра жанданышын каалабай турганын баса белгиледи. Буга чейин Трамп Ирандын жарандык энергетика жана медициналык муктаждыктар үчүн уранды байытуу мүмкүнчүлүгүнө каршы экенин кескин билдирип келген.
Ал арада Ирандын да каршылашына чатакты жөнгө салуу боюнча кезектеги сунушун жибергени кабарланууда.
"Иран Вашингтонго согуштун аякташы боюнча жаңы сунушун айтты", — деп Wall Street Journal жазды.
Гезиттин маалыматына караганда, аталган келишимдин алкагында Тегеран Ормуз кысыгын ачуу шарттарын талкуулоону сунуштап жатат. Бул үчүн АКШ чабуулдарды токтотууга жана ирандык порттордон чектөөнү алууга кепилдик бериши керек.
Сунушта Ирандын өзөктүк программасына тиешелүү жерлер бар экени, ал АКШнын санкцияларынын жумшарышына айырбашталышы мүмкүндүгү айтылган.
Эгер АКШ бул сунушту кабыл алууга даяр болсо, Иран келерки жуманын башында Пакистанда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярдыгын ортомчуларга билдиргенин да Wall Street Journal жазды.
Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Анын кесептинен Тегеран үч миңге чукул адамынан ажыраган. 8-апрель күнү Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок чыгарбай турууга макулдашкан, бирок андан кийинки сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. АКШ каршы тараптын портторун бөгөттөп, макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана ачарын айтса, Иран Ормуз кысыгын жаап, жолугушуудан биротоло баш тарткан.
Ал арада Трамп өз алдынча эле элдешүүнүн мөөнөтүн узартып, ал Иран абалды жөнгө салуу боюнча план иштеп чыгып, делегациялар сүйлөшүү жүргүзмөйүнчө күчүндө болорун билдирген. Буга чейин эки тарап кепке келе албай турган.
Аракчи: Америка Иранга каршы согушка 100 млрд. доллар кетирди