Sputnik Кыргызстан радиосунда Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов болду. Биз азыркы кездеги Ысык-Көлдүн экологиялык абалы тууралуу баарлаштык.
— Жалпы экологиялык өзгөрүүлөр, өзгөчө Ысык-Көлдүн абалы тууралуу көп айтылууда. Анын ичинде сиз да кабарлап жатасыз. Жергиликтүү эл да видеолорду тартып, суунун канчалык деңгээлде тартылып кеткенин көрсөтүп жатат. Учурда көлдүн абалын оозуңуздан угалычы?
— Бул орчундуу тема. Ысык-Көл — кыргыздын бермети. Өзүм Кажы-Сайда туулуп-өскөндүктөн Көлдү кичинемден эле көрүп өстүм. Акыркы убакта көлдүн экологиялык абалы начарлап бара жатат. Бул кечээ же бүгүн жаралган жок. Акыркы 30 жылдын аралыгында акырындык менен ушуга келдик. 1985-жылы мен кандидаттык диссертациямды жактап, илимий жетекчим мага Ысык-Көлдү изилдөө тапшырмасын берген. Ошондон бери ушул багытта иштеп келем. Экологиялык абалдын начарлашы элдин жана эс алуучулардын көбөйүшүнө жараша болуп жатат. Азыр облуста болжол менен 400 миңге жакын адам жашайт. Акыркы убакта "канчалык турист көп келсе, ошончолук жакшы" деген ураан пайда болду. Экономиканы көтөрүүгө каршы эмесмин. Бирок экономикалык жактан жакшы көрүнүш болгону менен экологиялык жактан терс таасири чоң. Себеби Көлгө 5-10 жыл мурун 88 дарыя куюлса, бүгүнкү күндө алардын саны кескин азайып, 32-33 дарыя гана кирүүдө. Бир да суу сыртка агып чыкпайт. Ошондуктан Ысык-Көлдүн өзүн-өзү тазалоо касиети азайып баратат.
Мен илимий чөйрө менен Байкал көлүнө да барып, суунун тазалыгына таң калгам. Ал жакта экологиялык тең салмактуулук жакшы сакталган. Биринчиден, Байкал көлүнөн Анкара суусу агып чыгат, экинчиден, атын унутуп жатам, сууда жашаган кичинекей жандык бар экен. Ал жандык Байкалга түшкөн темир, жыгач, металлдын баарын жеп коёт экен. Ошол суу жаныбарынын сүрөтү илимий институтунун кире беришинде "биздин көлдү таза сактайт" деп илинип турат. Ал эми Ысык-Көлгө түшкөн ар кандай буюм-тайымдар түбүндө кала берет. Ар бир көлдүн экологиялык сыйымдуулугу бар. Көлгө түшүүчүлөрдүн саны 5 миллиондон ашпашы керек. Мен илимий институттарга Ысык-Көлгө жылына канча адам келип жатканын аныктоо боюнча тапшырма бергем. Учурда изилдөө жүрүп жатат.
— Жогоруда Ысык-Көл өзүн-өзү тазалап туруучу уникалдуу касиетинен кол жууп баратканын белгиледиңиз. Мунун себеби жээгиндеги чычырканак, алтыганаларды кыйып, аралыкты сактабастан курулуш иштерин жүргүзүү, ал тургай дыйканчылык кылуу учурлары менен да байланыштуубу?
— Түз таасири бар. Мисалы, мен Швейцарияда болгом. Ал жакта Женева көлү бар. Жээгинде пансионат, мейманканалар көп, бирок көлгө бир дагы грамм зыяндуу зат түшпөйт. Себеби көзөмөл өтө катуу. Бир нерсе болсо кандай объект экенине карабай дароо жаап, чара көрүшөт. Бизде мен билгенден Караколдо, Чолпон-Атада жана Балыкчыда гана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар бар. Калган айылдардын биринде да мындай шарт жок. Бүгүнкү күндө экологияга көңүл бурулбай жатат. Зыяндуу заттардын баары көлгө агып барып кошулушу да ушундан.
Менин көлдүк жердештерим өздөрү деле Көлдү аябайт. Жакында туристтик сезон башталып, борбордон да толтура эс алуучулар барышат. Көлдүктөр өздөрү да түшүшөт. Бирок эс алгандан кийин жээктеги таштанды, желим бөтөлкөлөр ошол бойдон калат. Башка жакка барып калсак, "Ысык-Көл — биздин берметибиз" деп төш кагабыз, мактанабыз, укмуш сөздөрдү айтабыз. Бирок иш жүзүндө мамиле башкача. Желим деген оңой менен жоголбойт.
Буга чейин Көл биосфералык аймак деп жарыяланган. Интернеттен карап көрсөм, азыр анын талаптары толук сакталбай калгандай. Мурда көлдөн 100 метр аралыкка чейин унаа токтотууга тыюу салынган болчу. Азыр машиналар жээкке чейин кирип жатат. Кээ бирлер ошол жерге жууйт. Аны тыйып койгон киши жок. Баары кайдыгер.
— Мындан мурдараак илимпоз Нурзат Тотубаева да өз маегинде "Ысык-Көлдү изилдеп, анын акырындап балырга айланып жатканына божомол бар, бирок мынчалык тездик менен болорун билбептирбиз. Биз 10 жылда азыркы калыбына келет десек, үч жылда эле бир топ жерин балыр басып бара жатканын көрүп жатабыз" деди эле...
— Тилекке каршы, мен бул илимий иш менен толук тааныш эмесмин. Бирок жыйынтыгы абдан туура экен. Биздин байкоолорубуз да ушуну көрсөтүүдө. Чынында ондогон жылдардан кийин болот деп эсептеген процесстер азыр эки-үч жылдын ичинде эле болуп жатат. Балыр бардык жерде байкала баштады. Бул антропогендик таасирден улам болууда. Муну токтотуу керек. Бир жагынан көлдү өзүбүз булгап, экинчи жагынан жаралган проблеманы "кантип жоготобуз" деп ойлонуп жатабыз. Алгач булгануунун себебин жоюу керек. Бул үчүн жалпы кыргызстандыктарга тиешелүү программа иштелип чыгышы зарыл. Убагында Чолпон-Атада Ысык-Көл илимий борбору бар эле, кийин жоюлуп кетти. Азыр Көлгө туруктуу мониторинг жүргүзгөн борбор жок. Башка жактан окумуштуулар келип-кетип изилдөө жүргүзүп жатышат, бирок туруктуу система керек. Чындыгында эл акылына келип Көлгө аяр мамиле кылмайынча, окумуштуулар канча изилдөө жүргүзсө да натыйжа болбойт.
— Бүгүнкү коңгурооңуздар кайсы бир жакшы иштердин башаты болуп, керектүү мыйзамдардын чыгышына өбөлгө болуп калар...
— Жогоруда айткандай, суу маселеси, биология жана биотехнология институттарынын жетекчилерине Көл боюнча изилдөө жүргүзүүгө тапшырма берилген. Дагы бир айта турган маселе, учурда Көлдүн жээгине мейманканалар комплексин куруу пландалып жатат. Бирок бул курулуштарга көл, геологиялык катмарлар жана сейсмикалык шарттар чыдайбы деген суроо бар. Көлдүн жээгинен 10 чакырым аралыкта 1911-жылы "Кемин жер титирөөсү" деген ат менен тарыхта калган чоң зилзала болгон. Ошондо силкинүү күчү 11 баллга жеткен. Жалпысынан эң күчтүү жер титирөө 12 балл болот. Эгер ошондой кырдаал кайталанса суу үстүнө, жээгине курулуп жаткан имараттар чыдайбы? Бул жагынан курулуш компаниялары илимий институттарга кайрылып, экспертиза жасаткан эмес. 500 миң кишилик шаар куруу пландалып жаткандан кийин баары өтө кылдат ойлонулушу керек эле. Азыр Көлдө 300 миң адам жашаса, дагы 500 миң адам кошулса, бул Көлгө чоң жүк болот. Президенттин демилгелерин колдойм, бирок мындай долбоорлор сөзсүз илимий жактан терең изилдениши керек. Ушундай сунушум бар.
— Президент буга чейин Ысык-Көл облусуна желим баштыктарды алып кирүүгө тыюу салып, браконьерлерге жаза күчөтүлгөн. Бирок карапайым элге маалымат толук жетпейби, айтор, тыйылчудай эмес го?
— Туура, ӨКМ жыл сайын көлдөн тонналаган торлорду чыгарып жатат. Деген менен маселе толук чечилбей келет. Бул бир бүтпөгөн кызык процесс болду. Бир жагынан бирөөлөр кармап жатса, экинчи жагынан тор салып жатышат. Бир жагынан торлор алынат, экинчи жагынан кайра салынат. Браконьерлерге жазаны күчөтүү керек. Мисалы, кармалган балыгынан 100 эсе көп айып пул салынса, балким, кайра кайталанбай калар беле...
— Көлгө куюлуучу суулардын азайышынын себеби эмнеде?
— Мөңгүлөрдүн көлөмү 30 пайызга азайганы илимий жактан далилденип жатат. Эгер ушундай ыргак менен кетсек, кээ бир айылдарга суу келбей калат. Азыр эле ошондой көрүнүш бар. Бала кезде Кажы-Сайдан Каракол тарапка баратканда Тосор, Чоң-Кызыл-Суу, Саруу деген чоң суулар бар болчу. Азыр анын бири жок. Бул климаттык өзгөрүүлөргө да байланыштуу. Муну алдын алуу үчүн БСРлерди (суу топтоочу бассейндер) куруу керек. Азыр ИДП өстү, ошол акчалар суу топтоочу бассейндерге жумшалса 40-50 жыл көйгөйсүз жашайт элек.