VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүп, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы уюштуруу иштерин активдүү улантууда. Учурда улуттук курама командалар үчүн окуу-машыгуу жыйындары башталып, спортчулардын даярдык деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Дирекция мелдештерди жогорку деңгээлде өткөрүү жана кыргыздын салттуу спорт түрлөрүн даңазалоо багытында комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат. 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Улукбек Өмүрбеков маек курду.