БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда анализдерди туура эмес чыгарып берген лабораторияларды жабуу сунушталды. Демилге депутат Азамжан Жалиловго таандык.
Эл өкүлү Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Мыйзам долбооруна ылайык:
медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу;
диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу.
Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган.