БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жарандар каалаган участкадан добуш бере алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Дастан Бекешевдин коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорунда жазылган.
Демилгеге ылайык, шайлоочулар өз шайлоо участкасынан тыш жүргөнүнө карабастан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан улам "шайлоочунун дареги" түшүнүгүн жоюу сунушталууда. Ошол эле учурда аралыктан добуш берүү тартиби так жөнгө салынып, депутаттарды тандоодо бир шайлоо округунун ичинде башка участокто добуш берүүгө чектөө киргизилет.
Талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды булуттук электрондук кол тамга аркылуу онлайн чогултууга шарт түзүлөт. Үгүтчүлөрдүн саны боюнча дагы өзгөртүүлөр сунушталган. Учурдагы мыйзам боюнч президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1000ге чейин үгүтчү тартууга уруксат берилсе, эми ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчү иштетүү деимлгеленди.
Мындан тышкары, талапкерлер документ тапшырган учурда шайлоо фонду түзүп, милдеттүү төлөмдү киргизиши керек. Ансыз документтер кабыл алынбайт.