Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы транспорттук каттам ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттам ишке киргенин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, каттам Бишкектен башталып, Торугарт – Кашкар – Хунджераб – Исламабад – Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу – 3 300 чакырымды түзөт.
"Жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат", – деп айтылат маалыматта.
ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйынында Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Альтамаш Вазир Хан бул аракеттерди өзгөчө жетишкендик катары баалаган.
"Өткөн жумада Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү жетип барды. Эки өлкө министрликтери каттамдын жүрүшүндө айдоочулар менен тыгыз байланышта болуп, тоскоолдуксуз жана ыкчам жүрүшүн камсыздашты", – деди Альтамаш Вазир Хан.
Тараптар мындан ары да транспорт, логистика жана соода тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдиришти. Министрлик каттам Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте ишке ашканын кошумчалады.
ЕАЭБ өлкөлөрү ылдам жүрүүчү автожолдор тармагын бир учурда ишке киргизет