Балдардын медициналык камсыздандыруусу 18 жашка чейин узартылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Эми милдеттүү медициналык камсыздандыруу 16 жаштан эмес, 18 жашка чейин иштейт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында балдардын курагы 16 жаштан 18 жашка чейин узартылды. Бул жаш курактагы өспүрүмдөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.
Мыйзам жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтуу жана айрым категорияларга акысыз же жеңилдетилген медициналык кызматтарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Кыргызстанда маморгандар талап кылган документтердин саны кыскарды