ӨКМ 25-30-апрель күндөрү ашууларда кар көчкү түшөрүн эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. 25-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди
Кооптуу тилкелер:
Бишкек — Ош унаа жолу, Төө-Ашуу (121–138-чакырым);
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолу, Көк-Арт ашуусу (326-349-чакырым);
Каракол — Эңилчек жолу, Чоң-Ашуу (70–90-чакырым).
ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, айдоочулар унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоосу зарылдыгын эскертти.
Барскоон – Бедел жолунда эки тоннель курулат. Сүрөт