Украинанын "Дружба" түтүгү боюнча чагымы Батыштын жинин келтирди

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Дружба" мунай куурунун айланасындагы күмөндүү иштерден кийин Киев режиминин абийирдүүлүгүнө ишенүү кыйын. Мындай пикир айтылган макаланы Швейцариянын Die Weltwoche басылмасы жарыялады.
"Орбан кызматтан кетери менен бузулуп турат делген түтүк бир түндө оңдолуп калды. Эми мунай эле эмес, Венгрия бөгөт коюп келген 90 миллиард евролук акчанын жолу да ачылганы турат. Керемет болуп кетет деген ушул тура! Көрсө, түтүктөр "өзүн-өзү оңдоп" ала алат экен", — деп макаланын автору шылдың аралаш белгилеген.
Ошондой эле журналист Киев Европа убадалаганн насыя колго тийген соң батыштык өнөктөштөрүн кайрадан алдап, мунай келген түтүктү бууп салышы мүмкүн экенин эскерткен.
"Словакия нефтинин алгачкы тамчылары келгенде гана макулдугун берем деп турат. Мындан кийин агым кайра токтоп калышы мүмкүн. ЕБ өзүнүн жарандарына зыянын тийгизчү мамлекетти өз элинин миллиарддаган салыгынын эсебинен багууга милдеттүүбү?" — деп Die Weltwoche суроо салган.
"Дружба" мунай кууру аркылуу чийки продукция Венгрия менен Словакияга жеткирилип келген. Январдын соңунда Киев түтүктө маселе жаралды деген шылтоо менен энергоресурстардын транзитин токтотуп салган. Будапешт менен Братислава бардыгы оң эле турганын айтып келет.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина энергетикалык каатчылык болуп турган чакта "мунай курчоосун" Евробиримдиктин макулдугу менен жасады деп белгилеген. Алар парламенттик шайлоонун алдында күйүүчү майды кымбаттатып, элди козголтууну каалашкан. Орбан добуш берүү аяктаган күнү эле түтүк иштей баштайт деген үмүттө болгон.
Украинанын мындай жоругуна жооп кылган Венгерия дизель майын жөнөтүүдөн баш тартып, ЕБ бөлө турган 90 миллиард евролук насыяга макулдугун бербей койгон. Будапешт ветону алуудан мурда Россия мунайы берилиши керек деген шарт койгон. Ал эми Брюссель менен Киев тескерисин талап кылган.
Бул аптанын башында өкмөттүн болочоктогу башчысы Петер Мадьяр Зеленский Венгрияны опузалаганды токтотуп, мунай куурунун иштешин калыбына келтирип коюшу керектигин айткан.
Евродепутат: Евробиримдиктин Украинага берчү насыясы — көз боёмочулук