МОСКВА, 23-апр. — Sputnik. Евразия элдерин жалпы тарых жана баалуулуктар бириктирет. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган Москвадагы форумда билдирди.
Ал аймакта миңдеген элдер кылымдар бою бирге жашап, маданиятын, тарыхын сактап келгенин белгиледи.
"Элдерибиздин тамыры тыгыз байланышкан. Дал ушул нерсе евразиялык биримдиктин негизи болуп саналат", — деди Песков.
Ошондой эле маалымат катчы Россия ар бир өлкөнүн суверендүү позициясын колдой турганын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттер өз кызыкчылыгына жараша башка өлкөлөр менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрө алат.
Ал Евразиядагы интеграциялык процесстер билим берүү, маданият жана гуманитардык багытты өнүктүрүүгө багытталганын кошумчалап, бул баалуулуктар өзүнөн-өзү сакталбай турганын, ал үчүн аракет керек экенин белгиледи.
"Евразиянын жашоочулары жалгыз-жалгыздан алсыз, бирок бири-бирине жөлөк таяк болсо бардык нерсеге жетише алат. Келгиле, мындан ары да бирге бололу", — деди ал.
Песков бүгүнкүдөй форумдар жасалып жаткан масштабдуу иштердин чынжырчасындагы маанилүү нерсе экенин кошумчалады.