БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялардан авиабилеттердин баасын кайра карап чыгууну талап кылды.
Бул талап айрыкча майрам күндөрүндөгү бааларга тиешелүү. Мекеме Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун катышуусунда жолугушуу өткөргөн. Анда республика ичиндеги авиакаттамдардын баасын аныктоо маселеси негизиги тема болду. Тактап айтканда, авиабилеттердин тариф түзүмү, алардын экономикалык негиздүүлүгү, авиакеросиндин билет наркына тийгизген таасири, ошондой эле онлайн-платформа жана субагент аркылуу сатууда колдонулган үстөктүн деңгээли каралды.
Маалыматка ылайык, акыркы убакта социалдык тармактарда май майрамдары учурунда Бишкек — Ош — Бишкек багыттарына учак билеттеринин баасы 10 миң сомго чейин чыкканы кызуу талкуу жаратты. Бирок жолугушуунун жүрүшүндө авиакомпанияларда ички каттамдар үчүн мындай баадагы билеттер жок экени белгилүү болду.
Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу органы ички рынокто учак билеттеринин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мекеме рыноктун абалын дыкат текшерип чыкмай болду. Эгер эреже бузуу аныкталса анда чара көрүлөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында авиакомпаниялар Бишкек — Ош багыты боюнча авиабилеттердин баасын 8,8 миң сомдон 7,6 миң сомго түшүрмөй болду.