БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Акыркы он жылдыкта Ысык-Көлдө суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аралды сактап калуу эл аралык фондду (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Ал Кыргызстандын Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фондуну реформалоо жаатындагы позициясы өзгөчө актуалдуу болуп турганын баса белгиледи.
Астанада өткөн иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон дагы катышкан.
Кыргыз президенти анда чөлкөмдүн экологиялык коопсуздугу мамлекеттердин бул жааттагы аракеттерине, суу ресурстары тармагындагы кызматташтыгына түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.
"Борбор Азия чөлкөмү суу пайдалануу системасында олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Бул контекстте Кыргызстандын Аралды сактап калуу эл аралык фондун реформалоо боюнча позициясы өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Арал көйгөйү менен катар Кыргызстан Ысык-Көлдүн суусунун тартылышы менен күрөшүүдө. Акыркы он жылдыктарда суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган. Бул жыл сайын суу ресурстарынын агымынын азайышын көрсөтүп турат", — деп белгилеген Жапаров.
Мамлекет башчы Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн эришине өзгөчө көңүл буруп, бул муздарды коргоо Фондунун ишмердүүлүгүнүн эң биринчи багыттарынын бири болушу керектигин белгиледи.
Президент суу жана энергетика маселелеринин өз ара байланышын эске алуу менен АСЭФ мандатын кеңейтүүнү, ошондой эле каржылоо механизмдерин өркүндөтүүнү жана эл аралык кызматташтыктын заманбап инструменттерин киргизүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында Кыргызстан Фондду түзгөн бардык мамлекеттер менен мындан ары конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин ырастады.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 2016-жылдан бери АСЭФ ишмердүүлүгүнө катышуусун убактылуу токтоткон.