БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков атайын кызмат, ИИМ жана прокуратура органдары биргелешип, укук коргоо тутумун коррупцияга аралашкан жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерден тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканын билдирди.
Төрага бул иш-чаралар системалуу жана туруктуу мүнөздө жүрүп жатканын, максат мыйзамдуулукту бекемдөө, тартип орнотуу жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатуу экенин белгиледи.
Ошондой эле ал УКМК, ИИМ жана прокуратура ортосунда эч кандай тирешүү жок экенин, тескерисинче, бардык органдар бирдиктүү багытта иш алып барып жатканын айтты. Бул процесс мекемелер аралык күрөш эмес, тескерисинче, системаны тазалоого багытталган жалпы мамлекеттик аракет болуп саналат.
Билдирүүдө мыйзам бузган кызматкерлерди коргоого жол берилбей турганы жана алардын ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылары белгиленген. Мындан тышкары, ведомство башчысы көпчүлүк кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып жатканына токтолуп, реформанын максаты дал ошол абийирдүү кызматкерлердин ишин коргоо жана системанын аброюн көтөрүү экенин кошумчалады.
Ал арада ИИМ да бул тууралуу маалымат таратып, укук коргоо органдарынын ортосундагы карама-каршылык тууралуу кептер чындыкка дал келбесин айтты. Кайсы органда иштээрине кабарастан бардык кызматкерлер мыйзам алдында бирдей жоопкерчилик тартат.
Белгилей кетсек, кечээ УКМКнын кызматкерлери Ички иштер министрлигин тинтүүгө алганы айтылган. Ошондой эле соңку убакта атайын кызмат менен ИИМдин кызматкерлери бири-бирин кармаган учурлар көбөйүп кеткени байкалууда.