Трамп Иранды сүйлөшүүлөрдөн баш тартса кесепети жаман болот деп зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде Иран алар менен сүйлөшүүдөн баш тартса, анын кесепети оңбогондой оор болорун айтып, коркутууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Алар сүйлөшүүлөргө барууга мажбур, антпесе буга чейин кездешпеген көйгөйлөргө кабылат", — деп Трамп радиожурналист Жон Фредерикске айткан.
Америкалык лидер ошону менен катар эле Вашингтон менен Тегеран кепке келерине ишеним артып турганын билдирди. Ак үйдүн кожоюну мындай учурларда Иранда өзөктүк курал болбошу керектигин да кошумчалаган.
Ал эми Иран парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф буга чейин Тегеран АКШ коркутуп-үркүткөн ыкмаларды колдонуп жатканын, мындай учурда сүйлөшүүгө эч качан барбастыгын айткан.
8-апрелде Тегеран менен Вашингтон эки аптага жарашып жатканы айтылган. 17-апрелде Иран Ормуз кысыгындагы убактылуу элдешүү аяктаганга чейин коммерциялык кемелердин катташына уруксат берген. Ал эми АКШ макулдашуу бекитилмейин ирандык портторго коюлган чектөөнү албастыгын айтып, көшөрүп туруп алган. Мындай кадамдан кийин Тегеран Ормузду жаба турганын билдирип, кысыкка жакын келгендерди аябай турганын эскерткен.
Иран Оман кысыгында кармалган кеме боюнча АКШга жооп катуу болорун айтты