"Опузалоого жол бербейбиз". Мадьяр Зеленскийге кескин талап койду

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Венгриянын болочок премьер-министри Петер Мадьяр Владимир Зеленскийден "Дружба" газ түтүгү аркылуу Россиянын мунайын кайра өткөрө баштоону талап кылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мен Украинанын президентине кайрылууга даярмын. Эгерде "Дружба" мунай кууру пайдаланууга жарактуу болсо, берилген убада боюнча аны кайра ачууну өтүнөм. Биз опузалап, басым кылууга эч кандай жол бербейбиз", — деп айткан ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда.
Буга чейин Венгриянын азыркы өкмөт башчысы Виктор Орбан Брюссель ага Украина дүйшөмбүдөн тарта мунай берүүнү калыбына келтирүүгө даярдыгын билдиргенин айткан. Ошол эле учурда алар Будапешттен ЕБдин Киевге берилчү 90 миллиард евро насыясын бөлүү иштерине тоскоол болбоону талап кылышкан.
Мадьяр экинчи тарап адегенде россиялык мунайды жөнөтүшү керектигин, андан соң Венгрия ветону алып сала турганын билдирген.
Украина россиялык нефть экспорттолгон "Дружба" түтүгүнүн өз аймагынан өткөн бөлүгү бузулду деген шылтоо менен 27-янврада жаап койгон. Венгриядан Украинага дизель жөнөтүлбөй, кийин Будапешт Евробиримдиктин 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыясын жана санкциялардын 20-пакетин бөгөттөп салган. Өлкө бийлиги мындай кадамын россиялык мунайдын өтүшүн саясий себептерден улам токтотуп койгон Киевдин опузасына жооп деп атаган.
Украинанын 2026-2027-жылдарга каралган каржылык муктаждыгын жабуу үчүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 90 миллиард евролук биргелешкен насыя боюнча чечимди 2025-жылдын декабрындагы саммитте кабыл алышкан. Венгрия, Словакия жана Чехия буга катышуудан баш тартышкан.
Саммиттен кийин Венгриянын ошол кездеги премьер-министри Виктор Орбан Украина каражатты баары бир кайтарып бербестигин, Евробиримдиктин Киевге берген бул насыясын аталган чечимди кабыл алгандардын балдары менен неберелери төлөп каларын баса белгилеген.
Евродепутат: Евробиримдиктин Украинага берчү насыясы — көз боёмочулук