Жапаров TRON блокчейн-платформасынын ээси Жастин Санга Ала-Арчаны көрсөттү

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү, кытайлык ишкер Жастин Санды кабыл алды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.
Маалыматка ылыйык, жолугушууда Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү талкууланды.
Президент былтыр өзүнүн жетекчилиги алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүнө токтолду.
"Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын катчылыгы эбегейсиз секирик жасады. Биз мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды", — деди Жапаров.
Мындан тышкары, өлкө башчы максаты Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу экенин белгиледи. Айтымында, азыр өлкөдө виртуалдык активдер рыногу өнүгүүдө, лицензияланган катышуучулардын саны өсүп, укуктук база бекемделип жатат. Жапаров жакында виртуалдык активдер чөйрөсүн жөнгө салуу жана лицензиялоо боюнча жаңы мамлекеттик орган аныкталарын да кошумчалады.
"Биздин коом санариптик мүмкүнчүлүктөрдү активдүү колдонууда. Chainalysis глобалдык индекси боюнча, Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу деңгээли дүйнөдө 19-орунда турат, Борбор Азияда лидер. Бул мамлекетке ачык жана ишенимдүү инфраструктура түзүү жоопкерчилигин жүктөйт", — деди президент.
Жастин Сан Кыргызстанда бул жааттагы чоң потенциалды көрүп жатканын, Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия алуу планын билдирген. Жыйынтыгында Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгына натыйжалуу кызматташууну жана биргелешкен пландар менен долбоорлорду иш жүзүнө ашырууну камсыз кылууну тапшырды.
Расмий жолугушуудан соң президент менен конок Ала-Арча жаратылыш паркына барып, этномаданий программага күбө болушту.
Жапаров: Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн хаб боло алат