Баткенде кузовдон учуп кетип комага түшкөн чек арачы Бишкекке алып келинди

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баткенде жол кырсыгына кабылып, комага түшкөн аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жоокерди дарыгерлер учак менен алып келишкен. Ал Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Абалы туруктуу оор, комада, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
"Буга чейин бейтаптын абалы өтө оор болуп, жасалма дем алдыруу аппаратында тургандыктан аны башка шаарга ташуу мүмкүн эмес болчу. Абалы турукташкандан кийин Бишкекке алып келинди", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон ресурстар мобилизацияланганын кошумчалашты.
Эске салсак, 4-апрелде Баткенде Лейлек чек ара отрядынын жоокерлери УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү унаа менен Ак-Суу" чек ара тозотунан "Кайрагач" заставасына бара жатып, Ак-Суу — Раззаков жолунда 22 жаштагы Н.Д. аттуу аскер кузовдон учуп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, ага жаман жолдон унаанын катуу силкингени себеп болгон. Жыгылган аскер кызматкери эсин жоготкон. Тез жардам бригадасы чакырылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошол эле күнү Ош шаарынан келген дарыгерлер тарабынан шашылыш операция жасалган.
"Эркеч-Тамда" өз өмүрүнө кол салган чек арачы көз жумду