Зеленский АКШ Ирандан улам Украинага көңүл бурбай жатат деп түпөйүл

Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Ирандагы согуштан улам АКШ Украинаны көз жаздымында калтырып жатканына катуу тынчсызданып жатканын жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Иран согушу Россия менен Украинанын тирешинен улам Европадагы кырдаалга терс таасирин тийгизип жатат. АКШ Россияга жасаган кысымын жумшартып коюшу мүмкүн", — деди киев режиминин жетекчиси.
Зеленский мындан улам Киевге курал-жарак, өзгөчө абадан коргонуу каражаттары жетпей калышы ыктымал экенин белгилеген.
Ал буга чейин да ZDF телеканалына маек куруп, АКШ менен Ирандын кагылышуусу тынчтык орнотуу аракеттерине жана Украинага курал жеткирүүгө тоскоол болуп, Вашингтондун Киевге "убактысы калбай калганына" токтолуп нааразы болгон. Зеленскийдин айтымында, АКШга караганда Украинага Германия көбүрөөк жардам берүүдө.
Москва Украинаны курал-жарак менен камсыздоо абалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатканын эскертип келет. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге деп курал-жарак менен ок-дары ташыган жүктүн баары россиялык армиянын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинадагы жаңжал жакында бүтөт деген ишенимде