"Ты супер! Кыргызстан" долбоору таланттуу балдарды сынакка чакырат

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Ты супер! Кыргызстан" долбоору таланттуу балдарды сынакка чакырат.
Ага 7 жаштан 18 жашка чейинки катышуучуларды кабыл алуу башталганын белгилүү алып баруучу Вадим Такменев билдирди.
Шоу "Номад ТВ" каналында көрсөтүлөт. Долбоор балдарга талантын ачууга жана өзүн өлкөгө таанытууга мүмкүнчүлүк берет.
Кастингге катталуу үчүн бул жердеги шилтеме аркылуу кирсеңиз болот.
Кыргыз театрынын трагедиясы Бекин Сейдакматов тууралуу 12 факт