БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча БШКга арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Айдарбеков Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган.
Аталган округдан эң көп добуш алып депутат болгон Кубанычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Мындан улам бош калган мандат кийинки кезекте турган Айдарбековго берилиши керек эле. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк анын ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган.
Ички иштер министрлиги кечээ Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын билдирген. Ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
ИИМ кийинчерээк анын үйү тинтүүгө алынгандан соң козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталганын маалымдады.
Эми мандат Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча 3324 добуш менен кийинки сапта турган Мирлан Жээнчороевге берилиши мүмкүн.