Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кара тизмеси түзүлдү. Канча киши бар

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кара тизмеси түзүлдү. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башкы адиси Медер Алышбаев билдирди.
Кызматкер Sputnik Кыргызстанда брифинг өткөрдү.
Тизмеге мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлер киргизилет. Учурда андагылардын саны 100 адамга чукулдап калды.
"Бул нерсе коррупция менен күрөшүү үчүн түзүлдү. Мамлекеттик кызматкер мыйзам бузса ага кирерин жана карьерасына балта чабыларын билиши үчүн жасалды", — деди Алышбаев.
Маалымат борбор
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилет