БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чыңгыз Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Ички иштер министрлиги ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бюджеттик каражатты пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол бергенин билдирди.
"Акчаны мыйзамсыз сарптоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражатын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары катталды", — деп айтылат кабарда.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүүдө.
48 жаштагы Айдарбеков 2018-2020-жылдары тышкы иштер министри болуп эмгектенген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2022-жылы 10-октярбда ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке алып келген. Келишимдин долбоорун Чыңгыз Айдарбеков төрагалык кылган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет жабык караган. Төрага каршы добуш берип, комитеттин чечимине дагы кол койбой койгон, ага тиешелүү документтерди толук көрбөгөндүгүн жүйө келтирген.
Айдарбеков көп өтпөй комитет төрагалыгынан бошотулган. Декабрда президент Садыр Жапаров аны элчи дипломатиялык рангынан ажыраткан.
2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Чыңгыз Айдарбеков Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган.
Аталган округдан эң көп добуш алып депутат болгон Кубанычбек Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Мындан улам бош калган мандат кийинки кезекте турган Айдарбековго берилиши керек эле. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк Айдарбековдун ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган болчу.