Дыйкандарга сугат системасы үчүн 2%дык жеңилдетилген насыя берилүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Дыйкандарга суу үнөмдөөчү технологияларды, анын ичинде заманбап сугат системаларын алууга багытталган жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматта программа суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылып жатканы айтылат.
"Жалпы каржылоо көлөмү 500 миллион сомду түзөт. Жылына эки пайыздык чен менен жети жылга чейин берилмекчи. Мунун бир жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Акча сугат системаларын (жамгырлатма) сатып алууга жана орнотууга жумшалышы керек", — дешти министрликтен.
Кенен маалымат алып, арыз берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу зарыл.
Жапаров 1 гектарга чейинки жер тилкелери кайсы учурда акысыз берилерин айтты