БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Улан Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ал Бишкектеги №19 Сокулук шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келмекчи.
Эске салсак, аталган округда 5 316 добуш менен экинчи болгон 34 жаштагы Эгембердиев 8-апрелде өз арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.
Учурда тергөө абагында жаткан, 4 767 добуш менен үчүнчү сапта турган Рамис Жунусалиев 10-апрелде талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча арыз жазып, БШК аны канааттандырган. Аны декабрда УКМК алдамчылыкка шектүү деп кармаган.
Мындан улам мандат 4 746 добуш менен кийинки катардагы Улан Сариевге ыйгарылды. Ал 2021- 2023-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок добуш сатып алууга шектелип, БШК анын каттоосун жокко чыгарган.