БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Баш калаада салт болуп калгандай эле курулуш боюнча KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсү болот.
Иш-чара 14–16-апрелге пландалган. KyrgyzBuild курулуш материалдарын, инженердик жабдууларды, терезе, фасад чыгаргандардын, интерьер боюнча иштегендердин, өндүрүүчүлөрдүн, жеткирип сатуучулардын, девелоперлердин, архитекторлордун, инженерлердин, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирет. Көргөзмөдө келишимдер, ишкердик байланыштар түзүлмөкчү.
Быйыл Кыргызстандын өзүнөн, андан сырткары, Россия, Казакстан, Кытай, Түркия жана Өзбекстандан 126 компания катышууда. РФтин улуттук экспозицияларын Мордова, Чуваш Республикасы, ошондой эле Воронеж, Омск, Владимир, Пермь, Ленинград жана Оренбург облустары сунуштайт.
Көргөзмө 14-апрелде саат 11:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (дареги: Ахунбаев көчөсү, 97) ачылып, ошол жерде уланат.
"Көргөзмө сонун мүмкүнчүлүк жаратып берет: заманга бап келген технология, дилердик макулдашуу жаатында жаңы байланыштар түзүлөт, өндүрүшчүлөргө түз чыгууга болот, инвестор менен өнөктөштөрдү издөөгө да жакшы мүмкүнчүлүк жаралат. Бул чет элдик компаниялардын Кыргызстандын рыногуна чыгышы үчүн маанилүү", — деди BiExpo компаниясынын директору, көргөзмөнүн уюштуруучусу Виктор Линовицкий.