"Кайрымдуулуктун салтанаты". Жапаров кыргызстандыктарды Пасха менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров православ динин туткан кыргызстандык жарандарды Пасха менен куттуктады.

"Бул жаркын христиан майрамы жашоонун, ишенимдин, жакшылыктын жана кайрымдуулуктун салтанатын билдирет. Ал өзүнө терең руханий баалуулуктарды камтып, адамдарды жаратмандыкка шыктандырат, тынчтыкка жана биримдикке болгон үмүттү, умтулууну бекемдейт", — деген мамлекеттин башчысы.

Владимир Путин Пасхага байланыштуу жарыялаган элдешүү бүгүн башталат