БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Оштун Кара-Суусунда заманбап меджабдуулар орнотулган үй-бүлөлүк медицина борборунун төрт кабат жаңы имараты ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент дарылоо-диагностикалык кабинеттерди, анын ичинде гематология, рентгенография, флюорография жана ультрадобуштук диагностика бөлмөлөрүн, компьютердик томографияны көрүп чыккан.
Мамлекет башчысы ак халатчандар менен кыскача баарлашып, алардын эмгек шарттарына жана мекеменин жабдылышына кызыккан.
Медициналык кызматкерлерди өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарууга чакырып, алардын кесибинин жоопкерчилиги жогору экенин баса белгилеген.
“Кыйынчылыкка, эмгек акынын аздыгына карабай ушул ишти аркалап келе жатканыңыздарга ыраазыбыз. Апрелден баштап айлыкты көбөйтүп жатабыз. Күзгө жуук барып, кийинки жылы дагы кошуп беребиз. Мурдатан кылсак эле болот эле, бирок мугалимдер менен дарыгерлер эң көп. Айлыгын кичине эле көтөрсөк бюджетке сезилерлик чыгаша болот”, — деди өлкө башчы.
Борбордун жаңы имараты төрт кабаттан турат, анын ичинде жер төлөсү да бар. Объектинин жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө ал жерде жалпысынан 1082 медициналык кызматкер иштейт, алар амбулатордук жана диагностикалык кызматтардын кеңири түрүн камсыздашат.
Эске салсак, учурда мамлекет башчы Ош облусунда иш сапар менен жүрөт.