13-апрелге карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 13-апрель, дүйшөмбүдө, өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул туурасында синоптиктер билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл аймагында +11...+16, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +25...+27 градуска жетери болжолдонду.
Апрелде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин бир айлык божомолу