БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады.
Байсалов аталган кызматынан кеткени менен кайра эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Эдил Байсалов өкмөттөгү кызматын 2021-жылдан бери аркалап келген.