ЕАЭБ менен Пакистан эркин соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги менен Пакистан эркин соода жөнүндө келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.
Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев белгилегендей, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Түштүк Азия мамлекеттери менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат. Пакистан бул аймактагы келечектүү өнөктөштөрдүн бири катары каралууда.
Өткөн жылы Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү 16 миллион доллардан ашкан.
ЕАЭБ өлкөлөрү ылдам жүрүүчү автожолдор тармагын бир учурда ишке киргизет