Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев мандатын тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев өз каалоосу менен мандатын тапшырды. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн карап, бир добуштан колдоп беришти.
34 жаштагы Эгембердиев №19 Сокулук округунан шайланган. Ал 5 316 шайлоочунун добушу менен аталган округда экинчи болуп келген. Эми анын орду 4 767 добуш менен үчүнчү катарда турган Рамис Жунусалиевге берилиши мүмкүн.
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушулиева мандатынан ажыратылды