БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Лейлекте автоунаанын кузовунан учуп кетип жабыркаган чек арачыга бүгүн операция жасалат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Облус жетекчиси Мамыржан Рахимов бүгүн жоокерден кабар алып, ата-энеси менен жолуккан. Учурда бейтап Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда, абалы оор.
Эске салсак, 4-апрелде "Ак-Суу" чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы, катардагы жоокер Данияр Нурбеков УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаада баратып, кузовунан кулап кеткен. Эс-учун жоготкон чек арачы ооруканага оор абалда түшкөн.
Жоокердин жакындары президентке кайрылып, дарыгерлердин жетишсиз болуп жатканын айтып чыгышкан. Андан соң Садыр Жапаров аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүү маселесин өз көзөмөлүнө алган.
Нурбеков аскерге 2025-жылдын сентябрында чакыртылганы айтылды.