Фицо: Киев ЕБден көздөгөнүн алыш үчүн согуштук тажрыйбасы менен опузалашы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эгерде Киев Европанын бир бөлүгү болуп калса, ЕБден көздөгөнүн алыш үчүн согуштук тажрыйбасы менен опузалашы мүмкүн. Бул туурасында Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун айтканын РИА Новости жазды.
Социалдык тармактарга жарыяланган видеокайрылуусунда ал Евробиримдиктин ири оюнчулары Украинанын союзга кирген учурда өзүн кандай алып жүрөрүн азыртан эле байкап-билсе болорун белгилеген.
Украина өз талаптарын аткартуу максатында жыйнаган согуштук тажрыйбасы менен коркута баштаган кырдаал жаралбашы үчүн көз салуу керектигин айткан.
Фицо ошондой эле Словакия менен Венгрия Киев токтотуп койгон "Достук" мунай куурунун ишин калыбына келтирүү үчүн күрөштү улантып жатканын эске салган.
"Украин президентинин мунай жана газ инфраструктурасына чабуул жасабоо тууралуу Евробиримдиктин суранычтарына карата кылган мамилеси өзүнчө сөз. Ал Евробиримдикти тоготпойт", — деген премьер.
Мындан тышкары, азыркы кырдаалда ЕБдин Украинанын энергетикалык инфраструктурага жасаган чабуулдарына чыдап жатканын "энергетикалык жактан өзүнүн жанын өзү кыюу" деп мүнөздөгөн.
“Евробиримдик Украинанын саясий жетекчилигинин зыян келтире турган кадамдарын көрүп туруп, Украинага 90 миллиарддык аскердик насыя берүүдөн баш тартпай жатканын түшүнбөй турам", — деген Фицо.
Украина россиялык нефть өткөн "Дружба" түтүгүнүн өз аймагынан өткөн бөлүгүнүн иши бузулду деген шылтоо менен 27-янврада токтотуп койгон. Венгриядан Украинага дизель жөнөтүлбөй, кийин Будапешт Евробиримдиктин 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыясын жана санкциялардын 20-пакетин бөгөттөп салган. Өлкө бийлиги мындай кадамын россиялык мунайдын өтүшүн саясий себептерден улам токтотуп койгон Киевдин опузасына жооп деп атаган.
Киевге жардам токтоп калганы үчүн Словакияда Фицого каршы иликтөө башталды