Беш-Күнгөйдө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары эскерилди

Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылындагы Советтер Союзунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиевдин эстелигинин алдында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдигин даңазалоого арналган салтанаттуу митинг-реквием өттү. Бул тууралуу ЖККУнун “Кант” авиабазасынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Кант” авиабазасынын аскер кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты. Чогулгандардын алдында баатырлардын жакындары, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү жана мектеп директору сүйлөдү.
1 / 2

Беш-Күнгөйдө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүү митинги өттү

2 / 2

Беш-Күнгөйдө Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүү митинги өттү

Атайын конок катары эмгек сиңирген маданият ишмери, ардактуу ардагер Калбүбү Менсеитова катышты. Анын демилгеси менен 2000-жылы Беш-Күнгөй орто мектебине Таранчиевдин ысымы ыйгарылган. Окуучулар патриоттук ырларды окуп, эстеликке гүлчамбар коюшту.
Мурдагы аким Тургунбек Молдобаев дагы ардактуу конок болуп, Таранчиев менен анын борт аткычы Алексей Ткачевдун эрдиги жөнүндө айтып берди. Ал авиабазанын жеке курамына жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоого кошкон салымы жана учкучтардын ысымдарын сактоого болгон берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Таранчиев менен Ткачевдун ысымдары эрдиктин, кайраттуулуктун, бир туугандыктын жана алардын урпактарынын ыраазычылыгынын символу катары эскерилди.
Митинг аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен коштолуп, баатырлардын эрдигине таазим кылып, асманга ок чыгарылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Ысмайылбек Таранчиев — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры